Францияны Эммануэль Макрон башкарат

8-Май 2017, Дүйшөмбү

Францияда президенттик шайлоодо “Алга” кыймылынын лидери, өлкөнүн мурдагы экономика министри Эммануэль Макрон жеңишке жетти.

99,99 пайыз же 35,4 миллион бюллетендин жыйынтыгында Макрон 66,06 пайыз, ал эми атаандашы “Улуттук фронт” партиясынын лидери Марин Ле Пен 33,99 пайыз шайлоочунун добушун алганы белгилүү болду.

Аталган өлкөдө мамлекет башчысы беш жылга шайланат. Саясий өнөктүккө 18 жаштан жогорку же 47 миллион жарандын катышуугу укугу бар. Учурдагы президент Франсуа Олландга чейин мамлекетти Шарль де Голль, Жорж Помпиду, Валери Жискар д'Эстен, Франсуа Миттеран, Жак Ширак жана Николя Саркози башкарган.

Эммануэль Макрон ким?

39 жаштагы Макрон эң жаш президент катары Франциянын жаңы тарыхында калмакчы. Ал Франциядагы эң мыкты жогоку окуу жайлардын бири Париждеги Саясатты изилдөө институтун аяктаган. Андан соң француз саясий элиталарын даярдалган ENA улуттук мектебинен билим алган. Ошондой эле италиялык ойчул Никколо Макиавелдин эмгектери боюнча магистрант. Андан тышкары немец идеалисти, диалектиканын негиздөөчүсү Георг Гегель боюнча эмгек жазган.

Мамлекеттик жогорку кызматка ат салышарын ал 2016-жылдын ноябрь айында жарыялаган. Ага чейин апрель айында En Marche! Же “Алга” кыймылын негиздеген. Бир жыл ичинде Макрон күтүлбөгөндөй ийгиликтери менен бирге коомчулуктун сурамжылоолорунда лидердик позицияга жетишкен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!