​Зеленскийдин инауграциясы качан болоору белгилүү болду

​Зеленскийдин инауграциясы качан болоору белгилүү болду
16-Май 2019, Бейшемби, 15:51

16-майда Украинанын Жогорку Радасынын пленардык жыйынында 315 депутат жаңы шайланган президентинин инауграциясы 20-майда болушу керектиги боюнча добуш беришти. Бул тууралуу "Интерфакс" билдирди.

Маалыматка карганда, Жогорку Раданын президенттин инаугурациясы боюнча салтанаты 20-майда эртең менен саат 10-00гө белгиленди.

Буга чейин Зеленский өзү 19-майда саат 11-00 өткөрүүнү сунуштаган. Бирок 19-май саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү болгондуктан каршы болушкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР