Обама “Obamacare” реформасын жактады

8-Май 2017, Дүйшөмбү

АКШнын экс-президенти Барак Обама конгресс мүчөлөрүнө президенттик мөөнөтүндөгү башкы жетишкендиктеринин бири катары эсептеген “Obamacare” реформасын артка кайтарбоо тууралуу кайрылды.

“Учурдагы Конгресстин мүчөлөрү күчтүү жана таасирдүү деп эсептелгендерге жардам берүүгө эрк талап кылынып жатканын моюнуна алышты. Бирок оорулуулардын, алсыздардын укугун коргоого да чоң эрк керек. Мен жана миллиондогон адамдар мындай эрк бар экендигинен үмүттөнөбүз”,-деген сөздөрүн “Politico” басылмасы жазып чыкты.

Өткөн жумада Конгресстин өкүлдөрү Барак Обама учурунда киргизилген милдеттүү медициналык камсыздандыруу тартибин жоюу боюнча мыйзам долбоорун жактырган. “Obamacare” реформасын жоюп, ордун жаңы мыйзам менен алмаштырууга 217 конгрессмен макул, 213 өкүл каршы добуш берген.

АКШнын экс-президенти тарабынан 2010-жылы демилгеленген мыйзам аз камсыз болгондорго багытталган. Буга чейин сындап келген Дональд Трамп президент болсо аны алмаштыруу эң биринчи иши болорун бир нече ирет кайталаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!