12 жаштагы бала генийлерди артка калтырды

8-Май 2017, Дүйшөмбү

Британияда 12 жаштагы Раджгаури Павар интеллекттин коэффициентин аныктоочу тестирлөөдөн 162 балл алганын “The Independent” гезити кабарлады.

Манчестерде өткөн тестирлөө 140 пунктан турган. Анда Раджгаури жетишкен жыйынтык 18 жаштагыларга ылайыкталгандыгы белгилүү болду.

“The Times of India” гезити Раджгаури Паварга ийгилигинен кийин интеллекти жогорку коэффициенттеги адамдардын клубуна мүчө болуу сунуштаганы маалымдады.

Белгилей кетсек, IQ тесттинде белгилүү физиктер Альберт Эйнштейн жана Стивен Хокингдин интеллектинин деңгээлине 160 балл берилген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!