Түштүк Кореянын президенти шайланды

10-Май 2017, Шаршемби

Президенттик шайлоодо Мун Чжэ Ин 41,08 пайыз добуш алган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматты боюнча Түштүк Кореяда Демократиялык партиядан талапкерлигин койгон 64 жаштагы Мун Чжэ Ин 13,4 миллион шайлоочунун колдоосуна ээ болгон.

Эркин Корея консервативдик партиясынын өкүлү Хон Чжун Пхё 24,03 пайыз, ал эми Элдик партиядан талапкер Ан Чхоль Су 21,41 пайыз добуш алган.

Бул жолку шайлоо паракочулук жаңжалга байланыштуу кызматтан четтетилген Пак Кын Хенин импичментинен улам мөөнөтүнөн мурда өткөрүлдү.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!