Түркмөнстанда жаңы газ корлору табылды

10-Май 2017, Шаршемби

Түркмөнбашы шаарына жакын жайгашкан “Узунада” корунан күнүнө 500 миң метр куб жаратылыш газы чыгарылат.

Каспий деңизинин жээгиндеги Түркмөнбашы шаарына жакынкы Узунада кору 7 чакырым тередикте жайгашканы белгилүү болду. Бул кудуктан күнүнө 500 миң метр куб жаратылыш газы жана жарым суюктуктагы көмүртек кошулмаларынан турган 150 тонна газ конденсаты чыгарылат.

Түркмөнстан жаратылыш газы жагынан дүйнөдө Россия, Иран жана Катардан кийинки 4-орунда турат. Кытай газ экспортунун 62 пайызын алган эң ири кардары болуп саналат. Дагы бир ири кардары болгон Россия 2016-жылдын январь айында Түркмөнстандан газ сатып алууну токтоткон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!