Cуу астындагы ресторан кардарларды кабыл алууда

Cуу астындагы ресторан кардарларды кабыл алууда
4-Июнь 2019, Шейшемби, 10:59

Европанын алгачкы суу астындагы рестораны Норвегияны Линнеснес коммунасында ачылды. Өлкөнүн түштүк жээгиндеги сууга чөккөн ресторандын эң башкы өзгөчөлүгү Түндүк деңизи жана экзотикалык панорамалык көрүнүштөрдү көрүнүп турган 36 метрлик чоң терезеси.


Дүйнөдөгү эң чоң ресторанда деңиз азыктарынан жасалган тамак-аштар 5 метр суу астында берилет. Бул жайдын ээси Стиг Убостад журналисттерге берген маегинде “Рестораныбыз дүйнөдөгү эң чоң жана Европада жалгыз. Бир топ адистер менен кеңешип иштедик. Коопсуздугуна кепилдик берем”,-деди.

Терезелеринин айнегинин калыңдыгы 26 сантиметр жана шамалга чыдамдуу. Дубалдары калың бетондон салынгандыктан деңиздеги катаал шарттарга туруштук бере алат.

34 метрлик ресторан аптанын 5 түнүндө 40 башка тамак сунуштайт.

Ресторандын аталышы англис тилинен "Under" башкача айтканда алдында деген маанини билдирет. Ал эми норвегиялыктардын тилинде “укмуш” дегенди түшүндүрөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!