Мунайга бай Венесуэллада бензин тартыштыгы башталды

Мунайга бай Венесуэллада бензин тартыштыгы башталды
6-Июнь 2019, Бейшемби, 12:09

Дүйнөдө чийки мунай коруна бай Венесуэллада бензин тартыштыгы башталды. Боливар жана Монагес штаттарында унаалардын номерлеринин акыркы санына ылайык бензин бериле баштады. Май куючу жайларды аскерлер кайтарууга алышты.

Билдирүүдө бир күнү май 0, 2, 4, 6 жана 8 сандары менен аяктаган унааларга кийинки күнү 1, 3, 5, 7 жана 9 менен бүткөндөргө берилет.

Боливар жана Монагаста бир унаага 30 литрден гана бензин куйулат. Мындай эреже көпкө созулмакчы болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!