Айлык акыны көп төлөгөн ишканалар аталды

Айлык акыны көп төлөгөн ишканалар аталды
6-Июнь 2019, Бейшемби, 17:48

АКШлык WIRED технология жана экономика журналы дүйнөнүн эң ири компанияларында иштегендерге жылына орточо канча маяна төлөөрүн аныктады. Андагы тизме төмөндөгүчө

Amazon

Amazon e-соода ишканасын Жефф Безос 1994-жылы 5-июлда АКШдагы Ситл шаарында түптөгөн. Ээси Безос дүйнөдөгү байлардын тизмесинин биринча сабында.

2017-жылдагы орточо маяна: 28 миң 446 доллар
2018-жылдагы орточо маяна: 28 миң 836 доллар

IBM

1911-жылы түзүлгөн жана дүйнөдөгү эң чоң IT компания. 350 миңден ашык адам иштеп, 170тен ашык мамлекетте өкүлчүлүктөрү бар.

2017-жылы орточо айлык акы: 54 миң 491 доллар
2018-жылы орточо айлык акы: 55 миң доллар

Tesla

Tesla Motors 2003-жылы Мартин Эберхерт тарабынан негизделген жана электр унааларын жана ага тетиктерди чыгарып, саткан АКШ ишканасы. Tesla ишканасынын 21,9 пайызы Иллон Маскка тиешелүү.

2017-жылы орточо айлык акысы: 54 миң 816 доллар
2018-жылы орточо маянасы: 56 миң 163 доллар

INTEL

Белгилүү Intel 1968-жылы Гордон E. Моор негиздеген.

2017-жылы орточо айлык акы: 102 миң 100 доллар
2018-жылы орточо маяна: 106 миң 900 доллар

Nvidia

Nvidia Corporation Santa Clara Калифорниядагы технологиялык ишкана.

2017-жылы орточо айлык акы: 147 миң 640 доллар

2018-жылы орточо айлык акы: 155 миң 35 доллар

Twitter

2006-жылы 21-мартта АКШда Жек Дорси негиздеген Twitter дүйнөдөгү эң популярдуу тармактардын бири. 2019-жылдын алгачкы чейрегинде 330 миллион активдүү колдонуучусу бар.

2017-жылы орточо маянасы: 161 миң 860 доллар
2018-жылы орточо маянасы: 172 миң 703 доллар

Facebook

Адамдарды бири-бирине байланыштырууну, маалыматтарды бөлүштүрүүнү максат кылган Марк Цукерберг негиздеген социалдык тармак.

2017-жылы орточо айлык акысы: 240 миң 430 доллар
2018-жылы орточо айлыгы: 228 миң 651 доллар

Google

Google; Интернеттен издөө, жарнама технологиялары үчүн инвестиция кылган ишкана.

2017-жылы орточо айлык акысы: 197 миң 274 доллар
2018-жылы орточо маянасы: 246 миң 886 доллар

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!