Падышанын үй-бүлөсүнүн канча байлыгы бар?

Падышанын үй-бүлөсүнүн канча байлыгы бар?
7-Июнь 2019, Жума, 15:40

Англияда падышанын үй-бүлөсүндө түрдүү кризистер тууралуу кабарлар жарыялана баштады. Ошол эле мезгилде алардын өлкө экономикасына материалдык жана руханий салымы боюнча маалымат чыкты.

Forbes журналынын маалыматына караганда Англия королдугунун үй-бүлөсүнүн байлыгы 88 миллиард долларга жакын. Коллекциялары жана зер буюмдары, Букингем сарайы сыяктуу мүлктөрү 25,5 миллиард стерлингге жетет. Бул үй-бүлө салыктардан да үлүш алат.

Forbes басылмасынын кабарына ылайык падышачылык Англиянын экономикасына жыл сайын 1,8 миллиард стерлин салым кошот. Мунун 550 миллиондук бөлүгү бир эле туризмден түшөт.

Кембридж Герцогинясы Кэтриндин кийимдерин алгысы келгендер көп. Андан улам Англиянын кийим маркаларына жылда 254 миллион долларга жакын акча түшөт.

Сассекс герцогинясы Меган Марклдын келиши менен бул көрсөткүч дагы да көбөйөөрү күтүлүүдө.

Падышачылыктын үй бүлөсүнүн байлыгынын көп бөлүгү же 530 миллион доллары королева Елизаветтага таандык. Экинчи принц Чарльз 400 миллион доллары менен апасынан кийин турат.

Королева Елизаветтанын жолдошу принц Филиптин байлыгы 30 миллион долларга жакын. Тактынын экинчи мураскери принц Уильям 30 жашка келгенде энеси принцесса Диананын байлыгынын бир бөлүгү бир тууганы Гарри менен бөлүшүлдү. Бул жактан принц Уильямдын 14 миллион доллары болду.

Принц Уильямдын ушул учурдагы байлыгынын 40 миллион доллар болгону болжолдонууда. Принц Гарринин болжолдуу 40 миллион доллар байлыгы болгону айтылып келет.

TIME журналына ылайык Принц Уильямдын жубайы Кэтрин Миддлтонго королдук белек кылынган зер буюмдарды кошкондо 10 миллион долларга жакын байлыгы болгону болжолдонууда.

Дагы бир мүчөсү Меган Марклдын байлыгы тууралуу маалымат аз болсо да 5 миллиондолларга жетери айтылууда.

Королдуктун балдарынын канча байлыгы болгону тактала элек. Антсе Кембридж герцогу Уильям жана Герцогинясы Кэтрин 2013-жылы балалуу болгондо Англия экономикасы 3,6 миллиард долларга чыгым болгону тууралуу маалыматтар кездешет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Ысык-Көлдө өзүнүн айылдашын зордуктоого шектелген жигит кармалды
​Ысык-Көлдө өзүнүн айылдашын зордуктоого шектелген жигит кармалды
Адам организминде эң маанилүү орган кайсы деп ойлойсуз?
Адам организминде эң маанилүү орган кайсы деп ойлойсуз?
Баасы 500 миң долларлык ташты мыйзамсыз алып өтмөк болушкан
Баасы 500 миң долларлык ташты мыйзамсыз алып өтмөк болушкан
Бишкекте кийинки жылы жаңы эки парк ачылат (эскиздер)
Бишкекте кийинки жылы жаңы эки парк ачылат (эскиздер)
​“Алтын топ” сыйлыгын реформалоо сунушталды
​“Алтын топ” сыйлыгын реформалоо сунушталды
Салмагы 784,53 килограммдык салат даярдалды
Салмагы 784,53 килограммдык салат даярдалды
Чыпалак Баатыр дүйнөдө жок фотосессия кылды
Чыпалак Баатыр дүйнөдө жок фотосессия кылды
 Товарларды идентификациялоо каражаттары жөнүндө жобо бекитилди
Товарларды идентификациялоо каражаттары жөнүндө жобо бекитилди
​Күйөрмандар хоккейчини катуу сабашты (видео)
​Күйөрмандар хоккейчини катуу сабашты (видео)
Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйыны башталат
Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйыны башталат
Баланын дене табы көтөрүлүп, калтырап баштаганда эмне кылуу керек?
Баланын дене табы көтөрүлүп, калтырап баштаганда эмне кылуу керек?
Расул Маматкулов менен Гүлзина Чотоновадан “Кызгалдак” ыры (видео)
Расул Маматкулов менен Гүлзина Чотоновадан “Кызгалдак” ыры (видео)
Баскетбол клубу эн тамгасы менен спорттук хиджаб чыгарды
Баскетбол клубу эн тамгасы менен спорттук хиджаб чыгарды
Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кеңешме өткөрдү
Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кеңешме өткөрдү
Бадыраң туздоонун өзгөчө жолу
Бадыраң туздоонун өзгөчө жолу
37 жыл башкарган президенттин жаназасына эли келген жок
37 жыл башкарган президенттин жаназасына эли келген жок