Трамп Айга баруу долбоорун сындады

Трамп Айга баруу долбоорун сындады
8-Июнь 2019, Ишемби, 15:12

АКШнын президенти Дональд Трамп Американын улуттук авиация жана космос агенттигинин (NASA) 2024-жылы Айга баруу долбоорун сынга алып, “Муну 50 жыл мурда кылдык. Марс сыяктуу чоң нерселерге маани беришибиз керек”,-деди.

Трамп Ирландиядан АКШга кайтып бара жатканда NASAга карата пикирлерин билдирди. Twitter тармагында билдирүү калтырган президент “Көп каражат жумшаганыбызга карабастан NASA дале Ай тууралуу айта бербеши керек. Биз муну 50 жыл мурда жасадык. Марсты эске алганда андан да чоң иштерди жасашыбыз керек”,-деди.

Бирок АКШ лидеринни бул билдирүүсү башты адаштырды. Анын айткандары NASAнын башкы директору Джеймс Фредерик Брайденстайндын Вашингтондо өткөн Эл аралык космосту өнүктүрүү конференциясында “Президенттин биринчи тапшырмасы “Айга кайра кайтып жатабыз”,-деп айткандарынан кийин болуп жатканы көңүл бурарлык.

NASA жетекчиси Айга 2024-жылы саякат болору, бул мурдагыдан масштабы жагынан айырмаланарын айткан. Ошондой эле Марска боло турган сапарларда Ай база катары пайдаланыларын кошумчалаган.

Бул ирет президент өзү айткандарына чаташкандай болду. Өткөн айда NASAнын 21 миллиард долларлык бюджетине 1,6 миллиард кошумчаланганын айткан Трамп “Менин бийлигим учурунда NASAнын деңгээлин көтөрөбүз. Айга кайра кайтабыз. Кийинкиси Марс”,-деген. Ал эми Twitter тармагына жазгандарында Айды Марстын бир бөлүгү катары эсептегени социалдык медиада түрдүү пикирлерди жаратты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!