4 жаштагы баланын ичинен бир табак курт чыкты

4 жаштагы баланын ичинен бир табак курт чыкты
10-Июнь 2019, Дүйшөмбү, 18:22

Батыш Африкадагы Камерун мамлекетинде 4 жаштагы баланын ичегисинен бир табак курт чыкты.

Daily Mail басылмасындагы маалыматка караганда кичине баланы ичи ооруп, кусканы үчүн ооруканага алып келишкен.

Алгачкы текшерүүлөрдөн соң шашылыш операция сунушталган. Аты аталбаган бейтаптын ичке ичегилеринин ичеги курту инфекциясы аныкталган. Операция учурунда дарыгерлер ичегиден бир табак тирүү курт алып чыгышкан.

Бала 6 ай бою ооруганын, каражаттын жетишсиздигинен дарыгерге көрсөтүүгө мүмкүн болбогону аныкталды.

Дарыгелер бейтап жана анын үй-бүлөсүнө инфекцияга каршы анибиотиктерди жазды.

Адистер дүйнөдө 2-10 жаш аралыгындагы 800 миллион бала ушундай оору менен жабыркарын билдиришти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!