Ылай сууну химиялык заттар менен тундуруп ичишет

Ылай сууну химиялык заттар менен тундуруп ичишет
11-Июнь 2019, Шейшемби, 12:02

Таза сууга жетпей жаткан батыш Африка мамлекеттери, нигериялыктар көлчүктөрдөн жыйнаган ылай сууларды алюминий ташы деген аталыштагы химиялык зат менен тазалап ичишет.

200 миллион калкы бар Нигерияда жылдын жарымы кургакчылык болот. Андан улам суу көйгөйү олуттуу кыйынчылык жаратат.

Сууну тазалоодо алюминий ташын пайдалануу бабаларынан калган салт экенин айткан тургундар аталган затты убак убагы менен суу кудуктарынын ичине салып, ылайын тундурушат.

Латынча "Alumen" деген аталыштан келген таш дүйнөдө кылымдардан бери тазалоо иштерине пайдаланылып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!