​Неймардын баасы түштү

​Неймардын баасы түштү
12-Июнь 2019, Шаршемби, 12:07

Бразилиялык футболчу жана француздардын “ПСЖ” футбол клубунун чабуулчусу Неймар трансфер баасы бир кыйла түштү. Бул тууралуу футбол изилдөө борбору (CIES Football Observatorу) жарыялады. Маалыматка ылайык мындан бир жарым жыл мурда Неймар футбол изилдөө борборунун рейтингинин 213 млн евро менен сап башында турган. Ал эми соңку айларда 150 миллион еврого төмөндөп кеткен.

Буга атактуу футболчунун дайыма жарат алуусу да себепчи болууда. Неймар соңку беш жыл ичинде 18 жолу жарат алган.

Учурда Неймарды бул жайында Францияда кетет деген имиштер бар. Атактуу футболчунун артынан мадриддик “Реал” клубу сүйлөшүүлөрдү жүргузүп жатканы айтылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР