“Экономикалык согуш” дүйнөнүн түзүлүшүн өзгөртөбү?

“Экономикалык согуш” дүйнөнүн түзүлүшүн өзгөртөбү?
13-Июнь 2019, Бейшемби, 15:17

"Дүйнө экономикасынан келген негативдүү белгилер жана геосаясий жаңжалдардын күч алышы экономикалык кырсыктарга алып келиши мүмкүн"

Акыркы бир нече жылдан бери дүйнөдө “соода согуштары” деп сыпатталган көрүнүштөр болуп жатат. Анда АКШнын Кытайдын технологиялык жана экономикалык күчүн чектөө үчүн киргизген санкциялары Европага таасирин тийгизүүдө. Бул азыртан экономикалардын азаюсуна жана глобалдык систeманын оюнчуларынын бири-бирине шектүү кароосуна себеп болууда.

Бул Жаңы дүйнө тартибин кура тургандай көрүнөт. Маселен Россиянын президенти Владимир Путиндин бул боюнча ойлорун Петербург Эл аралык экономикалык форумунда "Система кризисте. Жаңы моделге муктаждык бар»,-деген сөзүнөн билсе болот. Анда Путин глобалдык экономикалык системадагы тең салмаксыздыкты баса белгиледи. Путин глобалдык экономикалык системадагы тең салмаксыздыкка да, учурдагы эл аралык соода мамилелердин модели кризиске кабылганын белгиледи. Бул бир караганда Советтер союзу тарагандан кийин түзүлгөн тартиптин бузулушу. Дүйнөдө геосаясий жаңжалдар күн сайын көбөйүп жатат. Адистер аттуу баштуу мамлекеттерде ашыкча оңчул партиялар күч алганы көрүнүп турганын айтышууда.

АКШнын Кытайга карата мамилеси жаңы эле болгон жок. Обама бийлиги Кытай менен көз карандылыктарды азайтуу үчүн аракет кылганын, бирок Обама бийлиги эки өлкөнүн бири-бирине көз карандылык даражасын этабы менен төмөндөтүүгө аракет кылганын белгиленүүдө.
Трамп бийлиги агрессивдүү болду. Кытай бийлиги бүгүнкүгө чейин тынч отурат. Бул кайсы учур болбосун өзгөрүшү мүмкүн. Кытайда жүргүзүлгөн иликтөөдө Америка өз оюн ушундай жолдор менен билгизип жатканы жазылган. Европада улутчулдук агымы ар бир мамлекетте сездирип турат. Италиянын борборунда боло турган Европа биримдиги кризиси босогодо. Англиянын ЕБден чыгуу процесси өзүнчө чоң темага айланды.

Кытайдын президенти Си Цзиньпиндин экономикада белгилүү бир жакшыруу көрүнүп турат дегени бар. Бирок буга күмөн санагандар адистер көп. ЕБде Германия жана Италия экономикалары жайлады. Англия ЕБден чыгууга байланышкан маселелерин чече элек.

Дүйнө экономикасынан келген негативдүү белгилер жана геосаясий жаңжалдардын күч алышы экономикалык кырсыкка жол ачышы мүмкүн. Бул кырсык глобалдык ресецияга себеп болушу күтүлөт. Өлкөлөр тандаган саясат буларга түрткү болууда. Андан улам дүйнөлүк соодадагы тең салмаксыздыктар жана геосаясий түзүлүштөр өзгөрөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Борончу Кудайбергенов  МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Борончу Кудайбергенов МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
 ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?