Жер көчкүнүн кесепети 4,5 миллион тургунга тийди

Жер көчкүнүн кесепети 4,5 миллион тургунга тийди
14-Июнь 2019, Жума, 12:08

Кытайдын түштүгүндө жер көчкү ондогон жеңил жана жүк ташуучу унааларды басып калды. 14-июнда эртең менен болгон жаратылыш кырсыгы 49 адамдын өмүрүн алса 14 тургун дайынсыз. 7000 үй жабыркап, 300 000 миңдей тургун көчүрүлдү. Бул тууралуу Daylimail басылмасы кабарлады.

Экономикалык чыгым 1,4 миллиард долларга жеткен. Бийлик суу ташкыны жана жер көчкү өлкөнүн сегиз провинциясындагы төрт жарым миллион адамга кесепетин тийгизгенин билдирди.

Нөшөрлөгөн жамгырлар ушул айдын башынын бери токтой элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!