Жер титирөө сегиз адамдын өмүрүн алды

11-Май 2017, Бейшемби

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунда (СУАР) бейшемби, 11-майда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөөдөн сегиз адам көз жумду. 1,52 миң курулуш жараксыз абалга келди. Жаратылыш кырсыгы жалпысынан 12 миң жергиликтүү тургунду чыгымга учуратты. “Синьхуа” агенттигинин маалыматына караганда жергиликтүү бийлик жабыркаган райондордон 9,2 миң адамды көчүрдү.

Кытайдын сейсмологиялык борборунун маалыматына караганда жердин силкинүүсү жергиликтүү саат боюнча 05.58де Кашгар округундагы Ташкурган-Тажик автономиялык уездинде катталган.

Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун сейсмологиялык борбору жарадарлардын саны жыйырма үчкө жеткенин маалымдады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!