Казакстанда айрым сабактар музейде өтөт

11-Май 2017, Бейшемби

Аталган өлкөдө окуучулардын тарых жана маданият боюнча билимин өркүндөтүү максатында айрым сабактар музейде өтүлгөнү турат. Бул боюнча өлкөнүн Билим берүү министри Ерлан Сагадиев билдирди.

“Жаңы окуу жылында география, дүйнө таануу жана тарых сабактарын айрым учурларда мектептен тышкары мамлекеттик музейлерде, илим институттарында өтүү пландалууда. Бирок азырынча мындай мүмкүнчүлүг бар аймактарда гана ишке ашырылат. Андыктан Казакстандагы музейлерди күз мезгилине чейин буга даярдоо керек”,-деди министр Ерлан Сагадиев.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!