Жамандаган посттор 24 саатта өчүрүлөт

Жамандаган посттор 24 саатта өчүрүлөт
5-Июль 2019, Жума, 12:15

Франциянын улуттук парламенти Интернетте жек көрүүлөрдү камтыган билдирүүлөрдү 24 саатта өчүрүүгө аргасыз кылган мыйзам долбоорун кабыл алды.

Мыйзамга ылайык мындай постторду алып салбаган ишканалар 1,25 миллион еврого чейин айып пул төлөйт.

Террордук аракеттерге чакырган билдирүүлөргө, видео жана сүрөттөргө бул мыйзамдын алкагында баа берилет.

Ал ортодо парламент Google, Apple, Facebook, Amazon сыяктуу Интернет алптарынын Францияда тапкан кирешелерине салык киргизүүнү туура көргөн мыйзам долбоорун кабыл алды. Мыйзам күчүнө кирер алдында Сенаттын кароосунан өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР