Греция 20 адам жашаган аралга тургундарды чакырууда

Греция 20 адам жашаган аралга тургундарды чакырууда
5-Июль 2019, Жума, 13:21

Ион деңизиндеги аянты 20 чарчы чакырымдык аралга жашагысы келгендерге жакшы мүмкүнчүлүк табылды.

Жаратылыш кооз аймакта эч ким калган эмес. Daily Mail басылмасынын маалыматына караганда учурда ал жакта улгайгандардан турган 24 адам жашайт. Жай мезгилинде тургундардын саны 40ка жетет. Андан улам аралдын бийлиги кыйынчылыктар туруштук бере алган, ал жакта кала турган жаш үй-бүлөлөрдү чакырууда. Аларга үй жана жер тилкеси берилет. Ошондой эле жергиликтүү чиркөө алгачкы үч жылда айына 500 евродон төлөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР