БАЭнин премьери качкан аялын сотко берет?

БАЭнин премьери качкан аялын сотко берет?
5-Июль 2019, Жума, 15:58

Дубайдын эмири, БАЭнин премьер-министри Мохаммед ибн Рашид Аль Мактум Европага качып кеткен аялы принцесса Хайя бинт аль-Хусейнди сотко берерин билдирди.

Жогорку Сотто бул иш 30-31-июлда каралат.

Буга чейин маалымат каражаттары принцесса жанына балдары жана 40 миллион доллар алып Германияга качканын жазган. Британиянын Sun басылмасы Хайя бинт аль-Хусейн БАЭден өз жанын сактоо үчүн кеткенин, учурда Лондондо экенин жазды.
Хайя бинт аль-Хусейн Иорданиянын мурдагы королу Хусейн ибн Талалдын кызы жана учурдагы король Абдаллы IIнин карындашы. Принцесса жогорку билимди Оксфорд университетинин колледжинен алган. Ат спорту менен алектенет. 2000-жылы Сиднейдеги Олимпиадада Иорданиянын атын чыгарган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР