Миллионер аялы менен расмий ажырашты

Миллионер аялы менен расмий ажырашты
6-Июль 2019, Ишемби, 13:02

25 жылдык бирге жашоодон кийин Амазонду негиздеген Жефф Безос жубайы Маккензи менен расмий түрдө ажырашты. Эми компаниянын 19,7 миллион акциясы аялына өтөт. Bloomberg бул акциянын баасын 38,3 миллиард долларга баалады. Ажырашуу боюнча документке Вашингтон штатынын Кинг округунун соту кол койгон.

Безос мурдагы аялына Amazon.com Inc. компаниясынын 19,7 миллион доллар акциясын жаздырат. Bloomberg бул өлчөм ишкананын төрт пайыз үлүшү экенин, 38,3 миллиард доллар болорун билдирди. Бул капитал дүйнөдөгү эң бай 500 адам кирген Bloomberg Billionaires Index рейтингинде Маккензинин 22-орунга жазылуусуна шарт түзөт.

Ошол эле мезгилде Безос компаниянын 12 пайыз үлүшү же 114,8 миллиард доллары менен дүйнөдөгү эң бай адам боюнча кала берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР