Мелания Трамптын айкели тургузулду

Мелания Трамптын айкели тургузулду
6-Июль 2019, Ишемби, 16:09

АКШнын президенти Дональд Трамптын жубайы Мелания Трамптын Словенияда айкели коюлду.

Мелания Трамп төрөлгөн Севника аймагына жакын жерге коюлган жыгач айкелдин автору АКШлык Брад Даунини.

АКШнын Кентукка штатында жашаган Дауни чыгармасы менен Мелания Трамп жана жергиликтүү элдин буга карата мамилесин изилдөөнү чечкен.

Айкел туулган жерге салам берип тургандай түрдө жасалган.

5 миң калкы бар Севникада Мелания Трампы атагынан улам шарап, шоколад, чай, татуулар сыяктуу продукцияларга талап көбөйдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР