Зеленский Путинди жолугушууга чакырды

Зеленский Путинди жолугушууга чакырды
9-Июль 2019, Шейшемби, 10:27

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын лидери Владимир Путинге Минск шаарында жолугушууну сунуштады. “Крым кимдики экенин, Донбассты талкуулайбыз”,-деген Зеленский. Ошондой эле ал сүйлөшүүлөргө АКШ, Улуу Британия, Германия жана Франциянын лидерлери катышышы керектигин кошумчалады.

Зеленский Украинанын Нью-Уан телеканалы менен Россиянын каналынын ортосундагы телекөпүрө демилгесин сынга алды. Бул идеяны ал украин коомчулугун бөлүүгө багытталган “арзан, бирок кооптуу пиар-жүрүш” деп атады.

Кремль Украинанын өлкө башчысынын Минск шаарында сүйлөшүү демилгесин карап көрүүнү убада кылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР