Ак үйдүн кээ бир бөлмөлөрүнөн тамчы акты

Ак үйдүн кээ бир бөлмөлөрүнөн тамчы акты
9-Июль 2019, Шейшемби, 11:39

Вашингтондо нөшөрлөгөн жамгырдан улам Ак үйдүн айрым бөлмөлөрүнөн жана метродон тамчы акты. Андан улам АКШнын Улуттук архиви ишин токтотту.

"The Washington Post" басылмасы жазган маалыматка караганда көчөлөрдү суу каптап, миңдеген тургундар электр жарыгы жок калды.

Коммуналдык кызматтар суу каптоолордун кесепетин жоюнун аракетинде. Медициналык мекемелерге кайрылгандар азырынча жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР