Учкучка көз карандысыз коно алган учак ойлоп табышты

Учкучка көз карандысыз коно алган учак ойлоп табышты
9-Июль 2019, Шейшемби, 13:09

Авиация тарыхына немис илимпоздорду жакшы жаңылык киргизди. Жүргүнчү учактардын конуу системасына байланыштуу эмгек жараткан Мюнхен технологиялык университетинин окумуштуулары учкучтан жана жерден көз карандысыз конууга шарт түзөө тургандай конуу системасын ойлоп табышты.

Алар чыгарган автономдуу Diamond DA42 учагы компьютер жана GPS комбинациясынын жардамы менен көз карандысыз коно алат. Ошондой эле багытын GPS колдонуу аркылуу аныктайт. Аба ырайы бузулганда же күтүүсүз жагдайларда коно турган тилкени аныктоо жана туура тандоого камералар жардам берет.

Долбоор азырынча аяктай элек. Антсе да автономдуу учактарды чыгаруу келечекте учкучтардын каталарынан болгон кырсыктарды алдына алуу үчүн маанилүү кадам катары эсептелүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР