Лондондо аукциондо «Евгений Онегин» романынын биринчи басылмасы жарым миллион фунтка сатылды. Чыгарманын баштапкы баасы 160 миң фунт болгон.
«Кристи» аукцион борборунун өкүлдөрүнүн “РИА «Новости» агенттигине билдиргенине караганда Александр Пушкиндин чыгармасынын биринчи бөлүмү 200 жүз жыл мурда басылган. Ошол кезден калган мукабасы менен сатылган. Бул библиографияда сейрек кездешет.