Допинг операциясында 234 киши кармалды

Допинг операциясында 234 киши кармалды
10-Июль 2019, Шаршемби, 15:20

Европа биримдигинин (ЕБ) полиция уюму (Европол) допинг менен күрөшүү максатында 33 өлкөдөгү тиешелүү мекемелердин катышуусу менен өткөн ири операциянын жыйынтыгында 234 киши камалганы белгилүү болду. Операциянын алкагында 3,8 миллион допингге керектелген зат камакка алынды.

“DW Türkçe” сайтындагы кабарга ылайык Европол аталган мамлекеттердин 23ү ЕБге мүчө мамлекеттер экенин, башка өлкөлөрдөн АКШ, Колумбия, Швейцария, Исландия жана Албания бар экенин белгиледи. Билдирүүдө конфискацияга алынган мыйзамсыз дарылардын саны 3,8 миллион болгону айтылды.

17 кылмыш уюму белгилүү болду

Италия жана Греция полициясынын жетекчилигинде өткөн операцияга Дүйнөлүк Допинг менен күрөш агенттиги (WADA) жана Интерпол катышты. WADA операцияда жалпы Европа боюнча жасалма дары жана допинг заттарын сатууга аралашкан 17 кылмыш уюмдары кармалды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР