Президентти жамандаган элчи иштен бошоду

Президентти жамандаган элчи иштен бошоду
11-Июль 2019, Бейшемби, 10:55

Дональд Трампты сынга алган Англиянын АКШдагы элчиси кызматынан кетти.

Англиянынын Вашингтондогу элчиси Сэр Ким Дарроч Трамп бийлигин жамандаган электрондук каттар “Mail on Sunday” гезитине жарыялагандан бери АКШнын президенти өзүн сындаган пикирлерин жазып жатат. Электрондук каттарда Ак сарай тууралуу “жөндөмсүз” жана “иштелбеген” деген сөздөр орун алган.

Дарроч боюнча айткандарында “Өлкөсүнө жакшы кызмат кылбайт”, “Биз ал адамды өтө самап жаткан жокпуз”, “Эми ал биз каалаган адам эмес” дегендей сөздөрдү жолдогон.

Англиянын Тышкы иштер министрлиги e-почталарга кимдер киргени изилденип жатканын кабарлоодо.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!