Нигерия: Түркия сураган 1000 кишини чыгарбайбыз

Нигерия: Түркия сураган 1000 кишини чыгарбайбыз
11-Июль 2019, Бейшемби, 15:26

Нигерия өкмөтү Кызмат кыймылы менен байланыштуу делген 1000дей кишини Түркияга берүүгө байланыштуу маалыматтар боюнча билдирүү жасады. Анда өткөрүп берүү талабын кабыл алынбаганы айтылган.

Тышкы иштер министри Жеффри Оньяаманын маалымат катчысы Сара Санданын билдирүүсүндө Түркия тараптан Нигериядан баш паанек алган жарандарын берүү талабы болгонун тастыктап, министрдин сөздөрүнө орун берди.

"Нигерияда мыйзамдуу жолдор менен жүргөндөрдүн баары Нигериянын жана эл аралык мыйзамдар менен коргоого алынган. Башты адаштырган пикирлерди жок кылуу үчүн Тышкы иштер министрлиги ушундай макулдашуу болбогонун билдирүүнү туура көрдү” деген сөздөр жазылган.

Түркиянын өз жарандарын алуу талабы боюнча маалыматтар Нигериянын президенти Мохаммад Бухари Түркияга иш-сапары менен барып, өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушкандан кийин келип чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!