Apple компаниясынын алгачкы программасы аукционго коюлду

Apple компаниясынын алгачкы программасы аукционго коюлду
11-Июль 2019, Бейшемби, 16:32

Apple компаниясынын алгачкы компьютери Apple 1 менен биргеликте жаралган колдонуу ыкмалары аукциондо сатыкка чыгарылды. Ишкананын логотиби биринчи болуп басылган колдонуу эрежесине кызыккандар көп.

Tamindir сайтындагы маалыматка караганда Бостондогу RR атуу аукциондо сатыкка коюлган Apple 1 ыкмасынын баасы кыска убакытта 10 миң долларга жеткен. Анда Apple 1ди колдонуу жана орнотуу боюнча малыматтар жазылган.

1976-жылы чыгарылган Apple 1ди, компанияны негиздеген Стив Жобс жана Стив Возняк кураган. Андай түзүмдөн 200ү чыгарылып, 666 доллардан сатылган.

Дүйнөдө Apple 1 компьютерлеринен 80и калганы айтылууда. Алардын 15и музейлерге коюлган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!