Жоголгон адам өз иттерине жем болгон

Жоголгон адам өз иттерине жем болгон
12-Июль 2019, Жума, 12:34

АКШнын Техас штатында полиция апрелден бери издөөдө жүргөн Фредди Мак аттуу адам тууралуу иликтөөлөрүнүн жыйынтыгын чыгарды. Анда жоголгон адамды иттери өлтүрүп, жеп салганы белгилүү болду.

6-майда Мактын үйүн текшерүүгө эки ирет келген полицияларды 18 кабанаак иттер киргизген эмес. Мактын дайынын биле алышпагандыктан дайынсыз жоголду деген тыянак чыгарып, айласы кеткенде үйдүн үстүнөн дрон учурушкан. Анда үйдүн айланасынан сөөктөр, кийимдердин айрыктары, чач, иттердин заңынан Мактын кийимдери табылган. Сөөктөр да Макка таандык экени белгилүү болгондо иттердин бардыгы өлтүрүлдү.

Полиция кызматы “Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Фреддин саламаттыгында көйгөйлөр бар экенин билдик. Андан улам өлгөндөн кийин жештиби же тамак үчүн өлтүрүштүбү биле албай жатабыз. Эмнеси болсо да кооптуу окуя”,-деди.

Макты жакшы тааныгандар ал иттерин кароосуз калтырбаганын айтышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!