Австралияда чымчыктар көздөрү канап жерге түштү

Австралияда чымчыктар көздөрү канап жерге түштү
17-Июль 2019, Шаршемби, 15:26

Алтымыш чымчык ууланын өлгөндүгү кабарланууда. Алар асмандан көздөрү канап түшкөндүгү айтылат.

Канаттуулар массалык түрдө дарактан дагы, асмандан дагы жерге кулаган. “Какаду” аталышындагы чымчыктар Австралия өлкөсүндө өзгөчө болуп саналат. Куткаруучулар алардын жанына келгенде, көздөрүнөн дагы кан агып жаткандыгын ырастап өтүштү.

“Casper's Bird Rescue” компаниясынын негиздөөчүсү Сара Кинг “Guardian” журналына берген маегинде "Чымчыктар абада уча албай, жерде жатышты" деп билдирди. Айрымдарынын оозунан кан агып жаткандыгын кошумчалап өттү. Аталган окуя адамдарды ойлондурган маселе жаратты. Алардын өлүмү абадагы ууга байланшытуу деп да айтышууда. "Дал ошол уу чымчыктарды кыйнап, өлүмгө себеп болду",- дейт Сара Кинг.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!