Монголия кирилл алфавитинен баш тартты

13-Май 2017, Ишемби

2025-жылдан кийин аталган өлкөдө расмий документтер байыркы монгол жазуусуна өтөөрү белгилүү болду.

Жогорудан төмөндү көздөй жазылган, 28 тамгадан турган байыркы монгол жазуусу 13-кылымда Чынгыз хандын тапшырмасы менен Тататунга тарабынан даярдалган. Алфавит уйгурлардан алынганы тууралуу божомолдор бар.

Байыркы монгол жазуусу атайын сабак катары 1991-жылдан бери мектептеринде окутулуп келет.

Монголия учурда колдонгон кирил алфавити Совет мезгилинде 1941-жылы киргизилген. Ага чейин башка Орто Азия мамлекеттери сыяктуу эле 1929-жылга чейин араб алфавитинен, латын алфавитине өткөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!