Брэд Смит: Кибер чабуулдар тынчсыздандырат

15-Май 2017, Дүйшөмбү

Microsoft компаниясынын президенти жана башкы юрисконсульту Брэд Смит өткөн жумада ишке ашырылган глобалдык кибер чабуулду бүтүндөй дүйнө коркунучтуу белги катары кабылдашы керектигин блогуна жазды.

“Дүйнөдөгү бардым мамлекеттердин өкмөттөрү бул чабуулду олуттуу кабылдашы керек”,-деген Брэд Смит. Ал келечекте бул сыяктуу көрүнүштөргө кабылбоо үчүн бул кол салуудан сабак алуу жана кибер айдыңында олуттуу эрежелерди колдонуу зарылдыгын белгиледи.

Буга чейин Европолдун директору Роб Уэйнрайт дагы бир нече кибердик кол салуулар кайталанышы мүмкүн экендигин, масштабдуу чабуулдар 150 мамлекеттен 200 миң колдонуучуга зыянын тийгизгенин айтты.

“Avast” антивирусун иштеп чыгуучулар 12-май, жума күнү “WanaCrypt0r 2.0.” вирусу колдонулган 57 миң хакердик кол салуу болгонун кабарлаган. Компаниянын маалыматтарына караганда биринчи кезекте вирус Россия, Украина жана Тайванда жайылган.

“Касперский лабораториясы” дүйнө жүзү боюнча 74 мамлекетте 45 миң хакердик аракеттер болгонун, бул көбүнчө Россияда байкалганын билдирген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!