Фонтанга 1,4 миллион евро ыргытышкан

15-Май 2017, Дүйшөмбү

2016-жылы туристтер Римдеги фонтанга болжолдуу түрдө 1,4 миллион евро ыргытышкан. Бул туралуу италиялык “La Repubblica” газетасы кабарлады.

Акыркы жолу 2013-жылы саналган жыйынтыктан 100 миң еврого көбүрөөк болгон.

Статистика боюнча саякатчылар көбүнчө евро, доллар жана иенди ыргытууну каалашат, бирок акыркы кундөрү фонтанда австралиялык долларлар көп кездешүүдө.

Акчалар “Caritas” католиктердин кайрымдуулук уюмуна өткөрүлүп берилет. Андан ал уюм колунда жокторго жардам катары бекер супермаркет долбооруна жана тамак-аш сатуучу жай ачуу долбоорлору үчүн которушмакчы.

Тыйындан сырткары Треви фонтанынан “Ыйык Мария” жана “Рим папасы Франциско” медалиондорун, ачкыч, кулпу, браслет, очки жана кийме тиштерди тапкан учурлар да кездешет.

Треви – бул Италиядагы эң чоң фонтандардын бири. Анын туурасы 20 метр, бийиктиги - 26 метрди түзөт. Ишеним боюнча кимде ким арты карап фонтанга тыйын ыргытса ал кайрадан Римге кайтып келет деп айтылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!