Пекинде Сирияны талкуулашты

15-Май 2017, Дүйшөмбү

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Пекин шаарында өткөн “Бир алкак – бир жол” эл аралык форумунун алкагында Россиянын лидери Владимир Путин жана Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Анда Астанада өткөн Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына баа берилди.

Назарбаев иш-чарада Астанада өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммиттине катыша турган Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Баш катчысы Антонио Гутереш менен жолукту.

Экономика, өнөр жай, соода, инвестиция, энергетика, экология жана инфраструктура тармактарында эл аралык кызматташтык жана тажрыйба алмашууларды максат кылган форумга 29 мамлекеттин лидерлери келген. Дүйнөдөгү алдыңкы ишканалардын өкүлдөрүн кошкондо форумга беш жүздөй делегация катышты.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!