Кытай Жибек-Жолун жандандырганы жатат

15-Май 2017, Дүйшөмбү

Эки миң жыл мурдагы Жибек-Жолун жандандыруу максатында өткөрүлгөн “Бир алкак – бир жол” эл аралык форумунда экономика, өнөр жай, соода, инвестиция, энергетика, экология тармактарында кызматташтык жана тажрыйба алмашуу жагы талкууланууда. Иш-чарага 29 мамлекеттин лидерлери жана дүйнөдөгү алдыңкы ишканалардан өкүлдөрү келишкен.

Болжол менен эки миңге жакын делегат катышып жаткан форумдун ачылышында Кытайдын президенти Си Цзиньпин эки миң жылдык тарыхы бар Жибек-Жолу бир топ мамлекетти, маданияттарды бири-бирине байланыштырып келгенин эске салды. Жаңы “Бир алкак – бир жол” долбоору ишке кирсе бардык тараптар үчүн ийгилик алып келерин эске салды.

Төрага Си Цзиньпин Кытай башка мамлекеттердин ишкерлерине кийлигишүү тууралуу ойлобогондугун, тескерисинче өнүгүү долбоолорун бөлүшүүгө даяр экендигин айтты.

Жибек-Жолу фондуна 100 миллиард юань берилерин, чет жактардагы фонддорго да колдоо көрсөтүлөрүн баса белгиледи. 100 жакырчылыкты азайтуу максатында “Бир алкак – бир жол” мамлекеттеринде 100 саламаттык жана реаблитация долбоору башталарын айткан Си Цзиньпин “Бир алкак – бир жол” тынчтык, жыргалчылык, жаңычылдык, цивилизацияларды бири-бирине байланыштыруу аркылуу куруларын кошумчалады.

Төрт миңден ашык журналисттер катышкан форумда 30 мамлекеттин ортосунда соода жана экономика тармагында макулдашууларга кол коюлары күтүлүүдө.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!