Франциянын премьер-министри дайындалды

16-Май 2017, Шейшемби

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Гавр шаарынын мурдагы мэри 46 жаштагы Эдуар Филиппти өлкөнүн премьер-министри кылып дайындады.

"Өлкө башчысы Эммануэль Макрон Эдуар Филиппти премьер-министрликке дайындоо боюнча чечим кабыл алды”, - деди Елисей сарайынын өкүлү Алекси Колер журналисттерге берген билдирүүсүндө.

Эдуар Филипп Парижде саясат изилдөө институтунда окуп жүргөндө Социалистик партияга кирүү менен ошол кездеги өлкөнүн премьер-министри Мишель Рокардын саясий өнөктүктөрүнө катышып жүргөн. Окуусун бүткөн соң ал Франциянын мамлекеттик кеңешине ишке орношкон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!