Баарлашуу тармактарына тыюу салынды

17-Май 2017, Шаршемби

Украина россиялык “Вконтакте”, “Одноклассники” соцтармактарына, Mail.ru, “Яндекс” ресурстарына кирүүгө тыюу салды. Булардан тышкары санкцияга “Яндекс”, “Каспер лабораториясы” жана “Доктор Веб” кабылган.

Буга президент Петр Порошенко жактырган Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин (СНБО) чечими негиз болду. Президентинин сайтында мындай санкция үч жылга созулары жазылган.

Санкциянын жаңы кеңейтилген тизмесине 1228 жеке жана 468 юридикалык жактар киргизилген. Чектөөлөргө Мамлекеттик Думанын айрым депутаттары, россиялык маалымат каражаттарынан “Россия сегодня” эл аралык медиа тобу, “Звезда”, ТВЦ, “НТВ плюс”, РБК, РенТВ телеканалдары кабылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!