Кыйроодон же 107 жылдан кийинки Титаник

Кыйроодон же 107 жылдан кийинки Титаник
22-Авг. 2019, Бейшемби, 17:37

Океандын түбүндө кылымдан ашык жаткан кемени аябай дат басып, балырлап кеткен.

Atlantic Productions компаниясынын изилдөөчүлөрү 1912-жылы кыйроодон улам окендын түбүнө чөгүп кеткен Титаникти видего тартышты. Бул боюнча The Guardian басылмасы кеменин тарыхта биринчи жолу 4К форматында видеого тартылгандыгын жазып чыгышты.

Эксперт, окумуштуулардын тобу менен аба жана океан боюнча улуттук администрациянын өкүлдөрү кыйроодон 107 жыл өткөндөн кийинки кадрларды атайын ылайыкталгын камералар менен тартып чыгышкан.

Белгилүү болгондой, кеме айсберг менен кагылышуудан улам 1912-жылы чөгүп кеткен. Жыйынтыгында борттогу 2 миң 223 адамдан 1 миң 517си көз жумган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!