Узундугу 5 метр болгон акула кармалды

Узундугу 5 метр болгон акула кармалды
23-Авг. 2019, Жума, 11:28

Түркиянын Эгей деңизинин жээгиндеги Чанаккале аймагынан балыкчылар узуну 5 метр, салмагы 1 тонналык акуланы кармашты. Балыкчылар мындай чоң көлөмдөгү акуланы көргөндө алгач таң калышты.

Эгей деңизинде акуланын бир топ түрү кездешет, бирок балыкчылар мындай чоңдуктагы деңиз жырткычын биринчи жолу көрүп жаткандарын айтышты.

Аталган деңиз жаныбары менен балыкчылар сүрөткө түшкөнгө да үлгүрүштү. Мындай көлөмдүү акула аймактагылардын да бүйүрүн кызытты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!