Синоптиктерди укпагандар кайгыга батты

Синоптиктерди укпагандар кайгыга батты
23-Авг. 2019, Жума, 12:20

Польшанын Татры аймагында чагылгандын соккусунан 100гө чукул адам жабыр тартып, 4 киши мерт кетти. Акыркы алынган маалыматтарга карганда алардын ичинен экөө жаш балдар. Жогорудагы сандар азырынча так эмес. Табигый кубулуш боюнча иштеген эпицентрдин кызматкерлери Гевонт тоосу жайгашкан аймакка келди. Бул жерде туристтердин көп болгондугу, өзгөчө ушул чөлкөмдөн бейтапканага түшкөндөрдүн саны да арбын экени айтылууда.

Синоптиктердин эскертүүсүнө карабай, адамдар кооптуу аймактан кеткен эмес. Мындай чагылгандуу жамгырда тоо түгүл, асканын жанында болуу коркунучтуу эле. Себеби тоонун чокусунда темир крест жайгашса, аскаларга туристтердин чыгуусу үчүн атайы чынжырлар орнотулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!