Украина-ЕБ: визасыз режим

17-Май 2017, Шаршемби

Украина жарандарынын Шенген аймагындагы мамлекеттерге визасыз кирүү боюнча мыйзамга кол коюу салтанаты бүгүн, 17-майда Франциянын Страсбург шаарында өтөт.

Документке Европа парламентинин президенти Антонио Таяни жана Мальтанын премьер-министри Жозеф Мускат кол коет. Иш-чара Украинанын президенти Петр Порошенконун катышуусунда өтөт.

Чечимге кол коюлгандан жыйырма күн өткөндө украиналыктар ЕБге визасыз бара алышат. Бул режим болжол мене 11-июнда башталат. Европа биримдиги (ЕБ) кеңеши Шенген аймагындагы мамлекеттер менен Украинанын ортосунда миграция жана коопсуздук көйгөйлөр жаралган учурда визасыз режим токтотуларын эскертти.

ЕБ менен Украинанын ортосунда визалык режимди либералдаштыруу 2008-жылы каралган. 2010-жылы ноябрь айында ЕБ Киевге бул боюнча аракет планын сунуштап, Украина парламенти талап кылынган мыйзам долбоорлорун бардыгын кабыл алган. Еврокомиссия 2015-жылдын декабрь айында Киев бардык шарттарды аткаргандыгын тастыктаган.

Киев визасыз режим 2016-жылдын аягында кирерин күткөн. Бул маселени кийинкиге калтырып келген Европа кеңеши 11-майда Украина жарандары ЕБге визасыз кире аларын жарыялады.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!