Барак Обама 15 миллион долларга үй алат

Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
23-Авг. 2019, Жума, 15:31

58 жаштагы Барак Обама жана анын жубайы 55 жаштагы Мишель, Массачусетс штатындагы Мартас-Винъярд аралынан кооз жерге ээ болуу алдында турушат. АКШнын экс-президенти жана биринчи ханайымы мындай кооз үйдү 15 миллион долларга баалап жатышат.

Жубайлар Барак Обама президенттик кызматта кезинде Мартас-Винъярдда эс алышып, 2019-жылы жайында ошол жерден үй ижарага алышкан. Эми болсо ошол үйгө толугу менен ээ болууну чечишти.

Мындай үй өзүнүн кооздугу жана жеке пляжы менен жубайлардын көңүлүн бурдурган. Үй, бийик жана кенен конок залдан (залдын ичинде камин орун алган), тамак жасоочу бөлмө жана чоң терезелүү ашканадан турат. Мындан сырткары үйдүн жанында ачык терраса жана бассейн бар.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!