Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет

Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
23-Авг. 2019, Жума, 17:28

Нидерланды менен Германия, климаттын алмашуусу жана энергиянын коротулушу боюнча күрөшүүдө дагы да кызматташтыкты күчөтүү максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Нидерландынын өкмөт башчысы Марк Рютте жана Канцлер Ангела Меркель Гаагадагы жыйында бул тууралуу сөз болгонун коомчулукка жарыялашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөдөгү айырмачылыктар тууралуу кеп козголду. Германияда жылытуу үчүн азыр да бензин колдонулуп келген болсо, учурда газга өтүү маселеси жолго коюлууда. Нидерландыда болсо үйлөрдө газды колдонууну тыюу салып, электр энергиясына өтүүнү туура көрүшүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!