Дүйнөдөгү эң кымбат жер тилкеси сатылды

17-Май 2017, Шаршемби

Гонконгдо өкмөттүк аукциондо борбордо жайгашкан жер тилкеси рекорддук көрсөткүчтөгү кымбат баага же 3 миллиард долларга сатылды.

“South China Morning Post” гезити жер тилкеси дүйнө жүзү боюнча кымбат кыймылсыз мүлктөрү бар Гонконгдун чок ортосунда жайгашканын жазды. Аукциондо “Henderson Land” ири кыймылсыз мүлк агенттиги сунуштаган баа эксперттер божомолдогон 2-2,8 миллиард доллардан жогору турду.

Аукционго “Henderson Land” агенттигинен башка дагы сегиз компания катышкан.

Сатылып алынган жерде учурда беш кабаттуу машина токтоочу жай турат. “Henderson Land” аны түрттүрүп, ордуна 2022-жыла чейин эң белгилүү имарат курууну пландады.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!