Папа Франциск лифте камалып калды

 Папа Франциск лифте камалып калды
2-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 13:17

Католиктердин руханий лидери Папа Франциск, Ватиканда лифте 25 мүнөттөй камалып калып, өрт өчүргүчтөр тарабынан куткарылгандыгын айтты.

Папа Франциск, базар күнү ибадат кылууга баратып Ватиканда лифтке түшкөн. Андан чыга албай, 25 мүнөт убара тарткан. Папа, Апостол Пётр аянтында кылынуучу ибадатка 7 мүнөт кечигип келгендиги үчүн аны күткөндөрдөн кечирим сурады. Электрдин айынан лифте күтүүгө мажбур болгонун айткан Папа элден өзгөчө аны куткарган өрт өчүргүчтөргө ыраазычылык билдирүүнү өтүндү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР