Буту чоң өспүрүм Гиннес рекорддор китебине кирди

Буту чоң өспүрүм Гиннес рекорддор китебине кирди
3-Сен. 2019, Шейшемби, 11:15

16 жаштагы немис Ларс Мотца өзүнүн физиологиялык өзгөчөлүгүнүн аркасы менен Гиннес рекорддор китебине кирди.

“Nation News” порталы өспүрүмдүн 57 өлчөмдөгү бут кийим кийээрин, аны тапшырык аркылуу гана алдыртаарын маалымдады.

Ларс Мотцанын бир жуп бут кийиминин баасы кээ бир учурда жарым миң еврого чейин жетет. Жакшысы буга кеткен чыгымды медициналык камсыздандыруу мекемеси каржылайт. Ларс мындай рекорд ага таандык экенине кубангандыгын жашырбайт. Муну менен бирге каарман ушундай чоң узундуктагы бут кийим менен тепкичтерден чыгуу оорчулук жаратаарын, хоккей, футбол, баскетбол сыяктуу спорт оюндарын ойноодо маселе жаралаарын кошумчалады.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР