Комада жаткан аял көз жарды

Комада жаткан аял көз жарды
3-Сен. 2019, Шейшемби, 12:15

Чехиянын Брно шаарында 117 күн мурун комага түшүп калган аял көз жарып, дени сак ымыркайды дүйнөгө алып келди.

“Euronews” басылмасынын маалыматына караганда, Брно университетинин бейтапканасында болгон бул төрөт, комада жаткан кош бойлуулардын арасында эң узак убакытты камтып, Чехиянын медицина тармагынын тарыхына жазылып калды.

2кг 13 гр салмактагы жана бою 42 см жаңы жарыкка келген кыз баланын саламаттыгы дурус экендигин кабарлашты.

Аты-жөнү белгисиз болгон 27 жаштагы аял, төрөттөн соң жолдошунун, үй-бүлөсүнүн макулдугу менен дем алдыруучу аппараттан бошотулуп, бул дүйнө менен кош айтышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР